# 65-берене. Кемелер кагылышканда жардам берүү боюнча милдеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 65-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-65

---

1. Кагылышкан кемелердин капитандарынын ар бири, эгерде аны жүргүнчүлөр, экипаж жана кеме үчүн олуттуу тобокелдиксиз жасоого мүмкүн болсо, башка кемеге, анын жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Кагылышкан кемелердин капитандары мүмкүн болушунча бири-бирине өзүнүн кемесинин аталышын, анын чакыруу сигналын жана идентификациялык номерин, ошондой эле жөнөтүү, таандык, бара турган портторду же кеме кире турган жакынкы портту билдирүүгө милдеттүү.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн капитан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жоопкерчиликти тартат.

4. Кеме ээси капитандын ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-66)
