# 63-берене. Капитандын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 63-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-63

---

1. Капитанга кемеге командачылык кылуу жана башкаруу, сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, деңиз чөйрөсүнүн булганышын алдын алуу, кемеде тартипти кармоо жана кемени, андагы адамдарды жана жүктү кандай болбосун мүмкүн болуучу зыяндардан коргоо жүктөлөт.

2. Кеменин муктаждыктары, жүк же сүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоодо, ошондой эле ага ишенип берилген мүлккө тиешелүү доолорду коюуда капитан өзүнүн кызматтык абалына байланыштуу, эгерде жеринде алардын башка өкүлдөрү жок болсо, кеме ээсинин жана жүк ээлеринин өкүлү болуп саналат.

3. Ташылуучу жүктүн же болбосо багаждын же почта жөнөтмөлөрүнүн зыянга учурагандыгына, бузулгандыгына же жоголгондугуна, адамдардын жаракат алышына алып келген деңиз окуясы болгон учурда, ошондой эле алардын кесепетинен кеме ээсине доо коюлушу мүмкүн болгон башка учурларда капитан окуяны эл аралык деңиз практикасында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте документтик тариздөөнү камсыз кылууга, ошондой эле зарыл болгон алдын ала териштирүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-64)
