# 60-берене. Кеме ээсинин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 60-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-60

---

1. Кеме ээси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) кемедеги коопсуз эмгек шарттарын;

2) экипаж мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоону;

3) азык-түлүк жана ичүүчү суу менен камсыздоону;

4) кемеде куткаруу каражаттарынын болушун;

5) тиешелүү кызматтык, турак жай-тиричилик жана башка жайлардын болушун;

6) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кемени, жүктөрдү камсыздандырууну жана камсыздандыруунун башка түрлөрүн.

2. Кеме ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кеме экипажынын мүчөлөрү эмгектик милдеттерин аткарганда алардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууга;

2) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн эмгек акысын жана аларга тиешелүү болгон башка суммаларды, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларды камсыздандырууга.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган камсыздоонун минималдуу ченемдери жана кеме ээсинин милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-61)
