# 58-берене. Кемедеги эмгек мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 58-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-58

---

1. Кеме экипажынын мүчөлөрүн ишке кабыл алуунун жана бошотуунун тартиби, алардын укуктары жана милдеттери, кемедеги эмгек шарттары жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, анын ичинде ушул Кодекс, деңиз кемелеринде кызмат өтөө эрежелери, кемелерде кызмат өтөөнүн уставы, жамааттык жана жеке эмгек келишимдери (контракттар) менен аныкталат.

2. Деңиз кемелеринде кызмат өтөөнүн уставы жана балык уулоо кемелеринде кызмат өтөөнүн уставы Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан иштелип чыгат жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-59)
