# 57-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 57-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-57

---

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кеменин экипажынын мүчөлөрү болуп кандай болбосун мамлекеттин жарандары боло алат.

2. Кыргыз Республикасынын жараны гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттарда (мамлекеттик кызматтын) пайдаланылуучу кеменин капитаны боло алат.

3. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кемелеринде чет өлкөлүк жаранды капитан катары дайындоого жол берилет. Мындай дайындоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле мындай адамдардын квалификациясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аныкталат.

4. Экипаждын курамына кирген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык алардын квалификациясын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан таанылган кесиптик дипломдору жана күбөлүктөрү болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-58)
