# 53-берене. Экипаждын минималдуу курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 53-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-53

---

1. Ар бир кеменин бортунда мүчөлөрү тиешелүү квалификацияга ээ болгон жана курамы төмөнкүлөр үчүн жетиштүү санда болгон экипажы болууга тийиш:

1) сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу, деңиз чөйрөсүн коргоо;

2) кеменин бортунда жумуш убактысын сактоо талаптарын аткаруу;

3) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн ашыкча жумуш жүктөмүнө жол бербөө.

2. Кеменин деңизге чыгуусу үчүн кеме экипажынын минималдуу жол берилген курамы тибине, багытына жана сүзүү районуна жараша Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет жана экипаждын минималдуу коопсуз курамы жөнүндө күбөлүк түрүндө мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде таризделет.

3. Бортто экипаждын минималдуу коопсуз курамы жөнүндө күбөлүктүн болушу милдеттүү болуп саналат. Бул документ кеменин сүзүү коопсуздугуна кепилдик берген сандагы жана квалификациядагы персонал менен комплекттелгендигин тастыктайт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-54)
