# 49-берене. Камакка алынган кеменин менчик ээсинин же фрахттоочунун кызыкчылыктарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 49-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-49

---

1. Кемеге анын талабы боюнча камак салынган жак кеменин менчик ээсине же анын бербоут-чартер боюнча фрахттоочуга кемени негизсиз камакка алуунун же ашыкча камсыздоону берүү жөнүндө талаптын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Сот кемеге камак салуу жөнүндө же камактын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө талап койгон жакты кемени негизсиз камакка алуунун же ашыкча камсыздоону берүүнү талап кылуунун натыйжасында кандай болбосун чыгымдар келип чыккан учурга карата сот тарабынан аныкталган өлчөмдө жана шарттарда утурлама камсыздоо берүүгө милдеттендирүүгө укуктуу.

3. Тараптардын талаш-тартыштарды арбитражга берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуусу болгон учурда кемени негизсиз камакка алуу үчүн жоопкерчилик, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруунун өлчөмү жана түрү жөнүндө маселелер арбитраж тарабынан каралышы мүмкүн. Арбитраждын чечими акыркы болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-50)
