# 47-берене. Кемени камактан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 47-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-47

---

1. Кеме алгылыктуу түрдө жетиштүү болгон камсыздоо берилген учурда соттун чечиминин негизинде камактан бошотулат.

2. Тараптардын макулдугу жок болгон учурда камсыздоонун түрү жана өлчөмү сот тарабынан белгиленет. Мында камсыздоонун өлчөмү кеменин наркынан ашпоого тийиш.

3. Камсыздоону берүүгө байланыштуу кемени камактан бошотуу жөнүндө кандай болбосун арыз жоопкерчиликти таануу, коргоо каражаттарынан же жоопкерчиликти чектөө укугунан баш тартуу дегенди билдирбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык камсыздоону берген жак кайсы убакта болбосун сотко камсыздоонун өлчөмүн азайтуу, түрүн өзгөртүү же камсыздоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-48)
