# 46-берене. Кемени камакка алуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 46-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-46

---

1. Деңиз талабы ага карата келип чыккан кеме төмөнкүдөй учурларда гана камакка алынышы мүмкүн, эгерде мындай талап:

1) ушул Кодекстин 283-беренесинде көрсөтүлгөн артыкчылыктуу талаптардын катарына кирсе;

2) кемеге катталган деңиз күрөөсү менен камсыздалган болсо;

3) кемеге менчик же ага ээлик кылуу укугу жөнүндө талаш-тартыш менен байланышкан болсо;

4) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарынын колдонулушуна туура келбесе, бирок:

- талап келип чыккан учурда кеме ага менчик укугунда таандык болгон жак бул талап боюнча жоопкерчилик тартат жана камак салынган учурда кеменин менчик ээси бойдон калат; же

- кемени бербоут-чартер боюнча фрахттоочу бул талап боюнча жоопкерчилик тартат жана камакка алуу менен байланышкан жол-жобо башталган учурда фрахттоочу бойдон калат же кеменин менчик ээси болуп калат.

2. Кандай болбосун башка кеме же кемелер, эгерде аларды камакка алуу менен байланышкан жол-жобо башталган учурда кеме же кемелер деңиз талабы боюнча жоопкерчилик тарткан жана талап келип чыккан учурда төмөнкүлөр болуп саналган жактын менчигинде турган болсо, камакка алынышы мүмкүн:

1) деңиз талабы келип чыккан кеменин менчик ээси болсо;

2) мындай кемени бербоут-чартер, тайм-чартер же рейстик чартер боюнча фрахттоочу болсо.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген эреже кемеге менчик укугу же ага ээлик кылуу укугу менен байланышкан талапка карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-47)
