# 44-берене. Камакка алууга ыйгарым укуктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 44-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-44

---

1. Ушул Кодексте кемени камакка алуу деп ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган деңиз талабын камсыз кылуу максатында деңиз портунда кемени кармоо же сүзүүсүн чектөө түшүнүлөт. Кемени камакка алуу күчүнө кирген сот актысын мажбурлап аткаруу чарасы болуп саналбайт.

2. Кемени камакка алууга деңиз талабы боюнча гана жол берилет.

3. Кыргыз Республикасында кемени камакка алуу жана аны камактан бошотуу Кыргыз Республикасынын сот органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

4. Деңиз линияларында, чет өлкөлүк деңиз портторунда кемени камакка алуу жана аны камактан бошотуу жээктеги мамлекеттин мыйзамдарына, анын ичинде сот органдарынын же деңиз портунун компетенттүү административдик органдарынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-45)
