# 43-берене. Кыргыз Республикасында каттоо үчүн чет өлкөлүк кемелердин документтерин таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 43-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-43

---

1. Таанылган классификациялык коомдор тарабынан ушул Кодекстин 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык берилген сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, коопсуздук жөнүндө күбөлүктөр (конструкциясы жана жабдуулары боюнча), эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк жана кеме радиостанциясын эксплуатациялоого уруксат кемени Кеме реестрине каттоо үчүн негиз катары Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан кабыл алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык Кеме реестринде мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлгөн кандай болбосун кемелер, кеменин деңизде сүзүү коопсуздугунун талаптарын канааттандырарына күмөн жаралган учурда тиешелүү документтеринин бар болушуна карабастан, техникалык көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кемелердей эле текшерүүгө алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-44)
