# 41-берене. Кеме радио жабдуулары жана кеме радиостанциясына уруксат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 41-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-41

---

1. Радио жабдуулары бар ар бир кеменин кеме радио байланыш станциясына уруксаты болууга милдеттүү.

2. Уруксат телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучу тарабынан кеме ээсинин арызынын негизинде берилет. Уруксатты берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында арыздарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Кеме радиостанциясына уруксатты берүүдө кемеге төмөнкүдөй эл аралык идентификациялык дайындар ыйгарылат:

1) чакыруу сигналы (Call Sign);

2) деңиз көчмө кызматынын номери (MMSI);

3) эл аралык радио байланыштын регламентине ылайык башка коддор.

4. Кеме радиостанциясы жөнүндө маалыматтар эл аралык дайындар базасына киргизүү үчүн Эл аралык электр байланыш бирлигине (ITU) жөнөтүлөт.

5. Кемедеги деңиз радио байланыш станцияларына уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүнөн ашуусу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-42)
