# 40-берене. Кеме документтерин берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 40-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-40

---

1. Каттоо жөнүндө күбөлүк жана Кеме реестринде катталган кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет.

2. Сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк, жүргүнчү күбөлүгү, классификациялык күбөлүк, кеме экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк классификациялык коомдор тарабынан берилет жана ушул Кодекстин 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кеме реестринде каттоо үчүн таанылат.

3. Эл аралык конвенцияларда жана колдонмолордо белгиленген техникалык талаптарга ылайык келген кеме радио байланыш станцияларына уруксат телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилет.

4. Ушул Кодекстин 32-беренесинде жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кеме документтерин берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-41)
