# 4-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 4-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-4

---

1. Ушул Кодекстин эрежелери жана жоболору, эгерде улуттук мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн деңиз кемелерине алар деңиз жолдору менен сүзгөн учурда колдонулат.

2. Ысык-Көлдүн акваториясындагы ички сүзүү кемелери үчүн ушул Кодекстин жоболору аларга тиешелүү бөлүгүндө колдонулат жана Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында мамлекеттик каттоого жана соода үчүн деңизде сүзүү максатында иштөөгө төмөнкүлөр үчүн жол берилбейт:

1) кандай болбосун өзөктүк кемелер;

2) кооптуу өзөктүк материалдарды жана жардыргыч заттарды ташууга арналган кемелер;

3) кандай болбосун аскердик кемелер жана аскердик-көмөкчү кемелер.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган коммерциялык эмес кемелер Кыргыз Республикасынын толук юрисдикциясында турат жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кармоого, камакка алууга жана соттук артынан түшүүгө каршы иммунитетти пайдаланат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-5)
