# 37-берене. Негизги кеме документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 37-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-37

---

1. Кеменин бортунда төмөнкүдөй негизги кеме документтери болууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүк;

2) кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүк;

3) кеменин сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (жүк ташуучу кеменин конструкция боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк);

4) жүргүнчүлөрдү ташуучу кеменин коопсуздугу жөнүндө күбөлүк (жүргүнчүлөрдү ташуучу кемелер үчүн);

5) жүк ташуучу кеменин жабдылышы боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;

6) жүк ташуучу кеменин радио жабдуулары боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;

7) классификациялык күбөлүк;

8) эл аралык өлчөө күбөлүгү (классификациялык коом тарабынан техникалык байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон кемелер үчүн);

9) кеменин жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк (суу үстүндөгү борттун эң төмөнкү бийиктиги жөнүндө);

10) кеме радиостанциясын эксплуатациялоого уруксат жана радиожурнал (кеме радиостанциясы бар болсо);

11) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн тизмеси (кеме ролу);

12) кемеде болгон жүргүнчүлөрдүн тизмеси;

13) кеме экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк;

14) кеме журналы;

15) машина журналы (механикалык кыймылдаткычы бар кемелер үчүн);

16) деңиздин булганышын алдын алуу боюнча операциялар журналы;

17) деңиздин мунайдан булганышын алдын алуу жөнүндө эл аралык күбөлүк;

18) деңиздин саркынды суулардан булганышын алдын алуу жөнүндө эл аралык күбөлүк;

19) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка кеме документтери.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кеме документтери кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук кеме документтерин жүргүзүүнүн, сактоонун жана верификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.

3. Кеме журналы ага акыркы жазуу киргизилген күндөн тартып беш жыл бою кемеде сакталат. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин кеме журналы кеме катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат. Бул орган кеме журналын кеминде 40 жыл сактоону камсыз кылат.

4. Кеме журналы анда камтылган маалыматты алууга мыйзамдуу укугу бар жактарга таанышуу жана көчүрмөлөрдү алуу үчүн берилет. Кеме сатылганда же ал Кеме реестринен чыгарылганда мындай укук менчик ээси алмашкан же кеме каттоодон чыгарылган учурга чейин журналга киргизилген жазууларга карата кызыкдар болгон жактарда сакталат.

5. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу кемелерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган бардык документтер кошумча түрдө болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-38)
