# 35-берене. Кеме реестрине киргизилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 35-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-35

---

1. Кеме реестрине киргизилүүгө тийиш болгон маалыматтар өзгөргөн учурда кеменин менчик ээси же кемени бербоут-чартер боюнча фрахттоочу мындай өзгөрүүлөр келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кемени каттоону жүзөгө ашырган органга тастыктоочу документтерди тиркөө менен бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кеме окуянын, реконструкциялоонун же башка олуттуу өзгөрүүнүн натыйжасында Кеме реестрине мурда киргизилген дайындарга дал келбей калган учурда ал кезексиз күбөлөндүрүүдөн өткөндөн жана жаңы классификациялык күбөлүк алгандан кийин ушул Кодекстин 29-31-беренелеринде белгиленген эрежелерге ылайык кайра катталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-36)
