# 33-берене. Кеме реестрлеринен чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 33-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-33

---

1. Кеме төмөнкүдөй учурларда Кеме реестринен чыгарылат, эгерде ал:

1) андан ары эксплуатациялоого жараксыз деп таанылса жана оңдоого мүмкүн болбосо;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун жоготсо;

3) кыйраса же дайынсыз жоголсо;

4) эл аралык кемечилик үчүн жабык болгон эл аралык деңиз портторунун укуктук режимин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболорун, эл аралык резолюцияларды жана эл аралык чектөө чараларын бузууга жол берген.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын кемеси белгиленген тартипте Кеме реестринен чыгарылбаса, ал анын башка мамлекеттин Кеме реестринде катталгандыгы жөнүндө жазууну тааныбайт.

3. Чет мамлекеттин Кеме реестринде катталган кеме чет мамлекеттин кемелер реестринен чыгарылгандан кийин жана муну ырастоочу күбөлүк берилгенден кийин Кеме реестринде катталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-34)
