# 305-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 305-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-305

---

Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптарды коюуда ушул Кодекске ылайык доонун эскирүү мөөнөтү колдонулат, ал төмөнкүлөр боюнча эсептелет:

1) жүктүн жоголушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча - жүк бериле турган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин, аралаш ташууда - жүктү ташууга кабыл алынган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин;

2) жүктүн кем чыгуусунан же бузулгандыгынан, жүктү жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, ташуу төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөнүн кайтаруу же жетишпегенин өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча - жүк берилген күндөн тартып, эгерде жүк берилбеген болсо - ал берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып;

3) бир тектүү жүктөрдү куюп, үйүп же төгүп массалык түрдө ташууда пайда болгон жүктүн кем чыгуусунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча, тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда - алар жыл сайын жүргүзүлүүчү инвентаризациялоо актысына кол койгон күндөн тартып;

4) кеменин берилбей калышы же аны кеч берүү менен шартталган чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, кеменин токтоп туруусуна акы төлөө жөнүндө, жүктү мөөнөтүнөн мурда жүктөө же түшүрүү үчүн сый акыларды төлөө жөнүндө талаптар боюнча - ташуу аякталган күндөн же ташуу аякталууга тийиш болгон күндөн тартып;

5) бардык башка учурларда - талап коюу үчүн негиз болгон окуя болгон күндөн тартып.

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-306)
