# 304-берене. Дооматтарды кароо мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 304-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-304

---

1. Деңиз аркылуу ташууда ташуучу коюлган дооматты үч айдын ичинде кароого жана анын канааттандырылганы же четке кагылгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Аралаш ташуу учурларында дооматтар алты айдын ичинде каралат.

2. Ташуучуга доомат коюлган күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтү дооматка жооп алынганга чейин же жооп берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин токтотулуп турат.

---

Мурунку берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-303)  
Кийинки берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-305)
