# 299-берене. Башка бирөөнүн акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 299-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-299

---

1. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелерден келип чыккан талаптар канааттандырылган учурда төлөнүүчү суммага кредитордун жайгашкан (жашаган) жеринде белгиленген банктык пайыздын орточо ставкасынын өлчөмүндө пайыздар кошуп эсептелет. Пайыздар тиешелүү сумманы төлөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап коюлган күндөн тартып ал төлөнгөн күндү камтуу менен кошуп эсептелет.

2. Ушул берене жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде чыгымдардын ордун толтурууга тиешелүү талаптар коюлган учурда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-298)  
Кийинки берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-300)
