# 298-берене. Коммерциялык акт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 298-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-298

---

1. Кемени фрахттоочуну, ташуучуну, жөнөтүүчүнү, жүктү алуучуну, жүргүнчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон жагдайлар коммерциялык актылар же ушул сыяктуу документтер менен ырасталат. Чет өлкөлүк деңиз портунда мындай жагдайлар ошол деңиз портунда колдонулган эрежелерге ылайык ырасталат.

2. Коммерциялык акт төмөнкүлөрдү ырастоо үчүн түзүлөт:

1) натуралай жүктүн же багаждын аталышы, массасы же орундарынын саны ташуу документинде келтирилген дайындарга туура келбегендигин;

2) жүктүн же багаждын бузулушун;

3) документи жок жүктүн, багаждын же жүксүз документтердин, багаждын табылгандыгын;

4) уурдалган жүктү, багажды ташуучуга кайтарып берилгендигин.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин таризи, аларды түзүүнүн тартиби, ошондой эле документтерди түзүүнү талап кылбаган жагдайларды ырастоонун тартиби Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-297)  
Кийинки берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-299)
