# 297-берене. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 297-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-297

---

1. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун башка юридикалык же жеке жактарга өткөрүп берүүгө мындай укук төмөнкүдөй өткөрүп берилген учурларда гана жол берилет:

1) жөнөтүүчү тарабынан - жүктү алуучуга;

2) алуучу тарабынан - жүктү жөнөтүүчүгө;

3) жүктү алуучу же жөнөтүүчү тарабынан - транспорттук-экспедитордук уюм же камсыздандыруучуга.

2. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун өткөрүп берүү коносаментте же башка ташуу документинде өткөрүп берүү жөнүндө жазуу менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-298)
