# 296-берене. Дооматтарды жана доолорду коюу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 296-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-296

---

1. Дооматтарды жана доолорду коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) фрахттоочу - эгерде кеме берилбей калса же кечигип берилсе;

2) алуучу же жөнөтүүчү - коносамент берилген шартта жүк жоголгон учурда;

3) алуучу же жөнөтүүчү - жүк кем чыккан же бузулган учурда, коносамент, ошондой эле бара турган портто колдонуудагы эрежелер боюнча түзүлгөн коммерциялык акт же ушул сыяктуу документ берилген шартта;

4) алуучу - коносамент берилген шартта жүктү жеткирүү кечиктирилген же берүү кечиктирилген учурда;

5) кемени фрахттоочу, жүктү жөнөтүүчү же алуучу - коносамент берилген шартта ташуу төлөмдөрү ашыкча болгон учурда.

2. Коштомо кагаз же башка ташуу документи боюнча жүргүзүлгөн жүктөрдү деңиз аркылуу ташууга байланыштуу дооматтар коюлганда коносаменттин ордуна жүк анын негизинде ташылган документ көрсөтүлөт.

3. Эгерде актыны түзүүдөн баш тартылгандыгы далилденсе жана бул баш тартууга даттанылса, коммерциялык актынын жоктугу дооматтарды жана доолорду коюу укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-295)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-297)
