# 293-берене. Карызды өткөрүп берүү жана которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 293-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-293

---

1. Күрөө кармоочу кеменин күрөөсү менен камсыздалган талаптарды башка жакка өткөрүп берген же күрөө берүүчү карызды башка жакка которгон учурда күрөө күчүндө калат.

2. Күрөө кармоочунун күрөө жөнүндө келишим боюнча өз укуктарын башка жакка өткөрүп берүүсүнө күрөө менен камсыздалган негизги милдеттенме боюнча карызкорго талап коюу укугун ошол эле жакка өткөрүп берүү шартында гана жол берилет.

3. Талапты өткөрүп берүү же карызды которуу жөнүндө кеме катталган Кеме реестрине тиешелүү жазуулар киргизилет.

4. Күрөө кармоочу (талапты өткөрүп берген учурда) же күрөө берүүчү (карызды которгон учурда) укуктардын же милдеттенмелердин өтүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына тастыктоочу документтерди берүү менен билдирүүгө милдеттүү. Алынган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы зарыл болгон каттоо аракеттерин аткарат жана күрөө кармоочунун укуктары же күрөө берүүчүнүн милдеттенмелери ага өткөн жактын толук дайындарын көрсөтүү менен Кеме реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.

---

Мурунку берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-292)  
Кийинки берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-294)
