# 289-берене. Кемеге деңиз күрөөсү менен камсыз кылынган өзгөчө талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 289-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-289

---

1. Кемеге деңиз күрөөсү менен кеме ээсине төмөнкүлөргө карата талаптар камсыздалат:

1) кеме капитанына жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнө алардын кеменин бортунда иштегендиги үчүн төлөнүүгө тийиш болгон эмгек акыларга жана башка суммаларга, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларга жана кеме капитанынын жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнүн атынан төлөнүүчү, социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөргө;

2) кемени эксплуатациялоого түздөн-түз байланыштуу кургактыкта же сууда адамдын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга;

3) кемени куткаруу үчүн сый акыларга;

4) порт жана канал жыйымдарын, башка кеме жолдорундагы жыйымдарды жана лоцмандык жыйымдарды төлөөгө;

5) кемеде ташылуучу жүктөрдөн, контейнерлерден жана жүргүнчүлөрдүн буюмдарынан башка мүлктүн жоголгондугунун же бузулгандыгынын натыйжасында кемени эксплуатациялоодо келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууга.

2. Кемеге деңиз күрөөсү менен, эгерде мындай талаптар бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 25-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, деңиз чөйрөсүнүн мунай же башка кооптуу жана зыяндуу заттар менен булганышынан улам келтирилген зыянга, ошондой эле бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 26-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, чөккөн мүлктү алып салууга байланыштуу келип чыкса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 5-пункттарында каралган талаптар камсыз кылынбайт.

---

Мурунку берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-288)  
Кийинки берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-290)
