# 288-берене. Деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 288-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-288

---

1. Деңиз кемесин же курулуп жаткан деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим боюнча Кеме реестринде катталган кеме кредиторго (күрөө кармоочуга) акчалай милдеттенмени камсыз кылуу үчүн менчик ээси (күрөө берүүчү) тарабынан күрөөгө коюлат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кандай болбосун юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак күрөө кармоочу боло алат.

3. Күрөө кеменин менчик ээсинин укугунун күрөө кармоочуга өтүшүнө алып келбейт. Күрөө берүүчү күрөөгө коюлган кемеге болгон менчик укугун мыйзамдарда белгиленген тартипте күрөө предметине карата өндүрүп алуу колдонулган учурга чейин сактап калат.

4. Кыргыз Республикасынын менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттар үчүн гана пайдаланылган мамлекеттик кемелер күрөөгө коюлууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-289)
