# 284-берене. Талаптарды артыкчылыктуу канааттандыруу үчүн каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 284-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-284

---

1. Ушул Кодекстин 283-беренесинин 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар төмөндөгүлөрдөн артыкчылыктуу канааттандырылууга тийиш:

1) кеменин наркынан;

2) талап коюу үчүн негиз анын жүрүшүндө жаралган рейс үчүн төлөнүүгө тийиш болгон, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн фрахттан жана төлөмдөн;

3) жалпы аварияны бөлүштүрүүдө кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон, жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн суммасынан;

4) фрахттын жоголгондугу үчүн, ошондой эле кемеге келтирилген жана оңдолбогон бузулуулар үчүн кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон ордун толтуруудан;

5) кеме ээси тарабынан экипаж мүчөлөрүнө төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды алып салуу менен рейс аяктаганга чейин болгон куткаруу үчүн кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон сый акыдан.

2. Ушул Кодекстин 283-беренесинин 3, 4, 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар төмөнкүлөрдөн канааттандырылууга тийиш:

1) алуучуга тапшырылбаган жүктүн наркынан;

2) жүктүн бузулгандыгы үчүн ордун толтуруудан;

3) жалпы аварияны бөлүштүрүүдө жүктүн ээсине төлөнүүгө тийиш болгон, жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн суммасынан.

---

Мурунку берене: [283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-283)  
Кийинки берене: [285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-285)
