# 28-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугунун пайда болушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 28-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-28

---

1. Башка мамлекетте сатып алынган же курулган кеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугуна Кеме реестрине тиешелүү жазуу киргизилген жана Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан бул укукту ырастоочу убактылуу күбөлүк берилген учурдан тартып ээ болот. Убактылуу күбөлүк туруктуу каттоо жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө жарактуу болот.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана деңизде сүзүү жаатындагы эл аралык келишимдерди бузуу үчүн жоопкерчиликти Кеме реестринде катталган кемелердин менчик ээлери (кеме ээлери) жана фрахттоочулар ушул Кодекстин жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартат.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун пайдаланган кеме мамлекеттин улуттуулугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүгө милдеттүү.

4. Кыргыз Республикасында кемелерди каттоо порту болуп Бишкек шаары саналат. Каттоо портунун "BISHKEK" деген аталышы каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлүүгө жана кеменин арткы бөлүгүндө кеменин аталышынын астына латын алфавитиндеги тамгалар менен жазылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун ага укугу жок кемеде мыйзамсыз көтөрүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-29)
