# 279-берене. Жоопкерчиликти чектөө фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 279-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-279

---

1. Кеме ээси өзүнүн жоопкерчилигин камсыз кылуу максатында ал жерлерде ага талап коюлган же коюлушу мүмкүн болгон сотто же арбитражда чектөө фондун түзө алат.

2. Жоопкерчиликти чектөө фонду ушул Кодекстин 274-беренесине ылайык эсептелген сумманын өлчөмүндө, бул сумманы (депозитти) сотко же арбитражга которуу же болбосо сот же арбитраж тарабынан алгылыктуу жана жетиштүү деп таанылган башка камсыздоону берүү жолу менен түзүлөт.

3. Жоопкерчиликти чектөө фонду алар боюнча жоопкерчилик чектелиши мүмкүн болгон талаптарды төлөө үчүн гана арналат.

4. Эгерде кеме ээсинин жоопкерчилиги жөнүндө талаш-тартышка катышкан бардык жактар Кыргыз Республикасына таандык уюмдар же анын жарандары болуп саналса да, фонд милдеттүү түрдө түзүлөт. Фонддун суммасы, анын шарттары, чектөөлөрү жана пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын соту же арбитражы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-280)
