# 269-берене. Далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 269-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-269

---

1. Деңиз протестинде баяндалган деңиз окуясынын жагдайларын тастыктоо үчүн кеме капитаны деңиз протестин билдирүү менен бир эле учурда же болбосо портко келген учурдан же эгерде окуя портто болсо, ал болгон учурдан тартып жети күндөн ашпаган мөөнөттө таанышуу үчүн нотариуска же болбосо ушул Кодекстин 266-беренесинде көрсөтүлгөн башка кызмат адамына кеме журналын, өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн, сүрөт, видео жана башка материалдарды берүүгө милдеттүү.

2. Кеме журналы жоголгон учурда деңиз протестинде жоготуунун жагдайлары жана себептери көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-268)  
Кийинки берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-270)
