# 263-берене. Камсыздоону берүү боюнча милдеттенмелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 263-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-263

---

1. Куткарууга катышкан жактын өтүнүчү боюнча, сый акыны же атайын компенсацияны төлөөгө жооптуу болгон жак куткаруучунун талабын, анын ичинде соттук чыгашаларды талаптагыдай камсыз кылат.

2. Куткарылган кеменин ээси жүктөрдүн ээлеринин жүктөр берилгенге чейин куткаруучунун аларга карата талаптарын, анын ичинде соттук чыгашаларды жетиштүү камсыз кылуусун кепилдөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийиш.

3. Куткаруучунун макулдугусуз куткарылган кеме жана башка мүлк куткаруу операциясы аяктагандан кийин куткаруучунун кемеге жана мүлккө карата талабы талаптагыдай камсыздалганга чейин жеткирилген деңиз портунан же жерден көчүрүлүшү мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-264)
