# 26-берене. Ички сүзүү кемелерине карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 26-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-26

---

1. Ушул Кодексте белгиленген, кемечиликтин коопсуздугун камсыз кылуу, кагылышууларды алдын алуу, деңизде адам өмүрүн коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптар, ошондой эле экипаж мүчөлөрүнө диплом берүү жана квалификация ыйгаруу жөнүндө ченемдер Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө эксплуатациялануучу ички сүзүү кемелерине бирдей өлчөмдө жайылтылат.

2. Ушул Кодексте белгиленген суу жолдоруна, порт курулмаларына, пристандарга, сүзүү эрежелерине, ошондой эле жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга карата талаптар ички сүзүү кемелерине карата колдонулат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-27)
