# 251-берене. Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 251-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-251

---

1. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына ылайык жоопкерчиликти камсыздандыруунун же башка финансылык камсыздоонун болуусун ырастоочу, чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк ар бир кемеге Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аталган Конвенциянын талаптары аткарылган учурда берилет.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү берүүнүн жана текшерүүнүн шарттары, тартиби Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы же экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген эрежелер менен аныкталат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астындагы кемелерди мамлекеттик контролдоонун жана техникалык көзөмөлдөөнүн алкагында жүргүзүлөт.

4. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына катышкан башка мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген күбөлүктөр Кыргыз Республикасында берилген күбөлүктөр менен бирдей таанылат.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-252)
