# 247-берене. Жоопкерчиликти камсыздоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 247-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-247

---

1. Жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты же болбосо мунай өнүмдөрүн куюп ташыган кеменин менчик ээси ушул Кодекстин 244-беренесине ылайык анын жоопкерчилигинин чегине барабар суммага булгануудан улам келтирилген зыян үчүн өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууга же башка жол менен (банктык же болбосо башка кепилдик алуу менен) камсыздоого тийиш.

2. Мунайзат же мунай өнүмдөрү менен булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо түздөн-түз кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин камсыздандыруучуга же кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин камсыздоону берген башка жакка коюлушу мүмкүн.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо боюнча жоопкердин талабы боюнча кеменин менчик ээси кошо жоопкер катары ишке катышууга тартылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-248)
