# 246-берене. Доо коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 246-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-246

---

1. Булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо кеменин менчик ээсине ушул главанын жоболоруна ылайык гана коюлушу мүмкүн.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн жоболору сакталган шартта ушул главанын негизинде же башка негиздерде булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо төмөнкүлөргө коюлушу мүмкүн эмес:

1) кеменин менчик ээсинин кызматкерлерине, анын ичинде экипаж мүчөлөрүнө, агенттерине;

2) лоцманга, экипаждын мүчөсү болбостон кемеде жумуш аткарган кандай болбосун башка адамга;

3) фрахттоочуга, анын ичинде бербоут-чартер боюнча фрахттоочуга;

4) кеменин менчик ээсинин макулдугу менен же компетенттүү органдардын көрсөтмөсү боюнча куткаруу операциясын аткарган кандай болбосун адамга;

5) алдын алуу чараларын көргөн кандай болбосун адамга;

6) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн жактардын кызматкерлерине жана агенттерине, эгерде зыян алардын атайылап же одоно этиятсыздык менен жасаган аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасы болбосо.

3. Ушул берененин жоболору кеменин менчик ээсинин үчүнчү жактарга регресстик доо коюусуна тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-247)
