# 241-берене. Кеменин менчик ээсинин булгануу үчүн жоопкерчилиги жана жоопкерчиликтен бошотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 241-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-241

---

1. Кеменин менчик ээси ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, булгануудан, анын ичинде кеменин бортунда жайгашкан бункердик күйүүчү май менен булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Кеменин менчик ээси, эгерде булгануудан улам келтирилген зыян төмөнкүлөрдүн кесепетинен улам келтирилгендигин далилдесе, ал үчүн жооп бербейт:

1) алдын ала болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдардан;

2) согуш аракеттеринен же элдик толкундоолордон;

3) үчүнчү жактардын зыян келтирүү ниетиндеги аракеттеринен же аракетсиздигинен;

4) отту, башка навигациялык каражаттарды күтүү үчүн жооп берген жактардын шалаакылыгы же башка укукка жат аракеттери менен шартталган бул каражаттардын бузулушу.

---

Мурунку берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-240)  
Кийинки берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-242)
