# 24-берене. Кемени идентификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 24-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-24

---

1. Кеме менчик ээси тарабынан ыйгарылган аталышка ээ болууга тийиш.

2. Байланыш аппаратурасы менен жабдылган бардык кемелерге эл аралык чакыруу сигналы, ошондой эле техникалык жабдылгандыгынын деңгээлине жараша - спутниктик байланыш станциясынын идентификациялык номери жана/же кеме радиостанциясынын тандалма чакыруу сигналынын номери ыйгарылат.

3. Кемеге аталышын, чакыруу сигналын, спутниктик байланыш станциясынын идентификациялык номерин жана кеме радиостанциясынын тандалма чакыруу сигналынын номерин ыйгаруунун тартиби жана башка ченемдер экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик актылары менен белгиленет, ал эми документтерди берүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кемени идентификациялоо боюнча бардык дайындар Кеме реестрине киргизилет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-25)
