# 233-берене. Кемелер кагылышкан учурда укукту колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 233-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-233

---

1. Ички же аймактык сууларда кемелердин кагылышуусунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга байланыштуу мамилелер кагылышуу анын чектеринде болгон мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Эгерде кемелердин кагылышуусу ачык деңизде болсо жана талаш-тартыш Кыргыз Республикасында каралса, ушул Кодекстин 234-239-беренелери колдонулат. Мында ачык деңизде чет өлкөлүк жарандардын же чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен кемелердин кагылышуусунда соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укукту колдонуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, башка мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы тааныган соода үчүн деңизде сүзүү салттарына ылайык аныкталат.

3. Эгерде кагылышкан кемелер бир мамлекеттин туусу астында сүзсө, кагылышуу болгон жерге карабастан ошол мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-234)
