# 23-берене. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 23-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-23

---

1. Кеменин менчик ээси кемени ишенимдүү башкаруу келишими боюнча аны ишенимдүү башкаруучуга беш жылдан ашпаган мөөнөткө менчик ээсинин кызыкчылыгында сый акыга кемени башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

Чарбалык карамакта же оперативдүү башкарууда турган кеме ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кемеге карата менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берилишине алып келбейт.

2. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кеме катталган Кеме реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

3. Ишенимдүү башкаруучу болуп кемелерди башкаруу жана эксплуатациялоо жаатында компетенттүү болгон жеке ишкер же юридикалык жак болушу мүмкүн.

4. Кемени ишенимдүү башкаруу келишиминде мындай келишимдин тараптары, ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери, ошондой эле анын сый акысынын өлчөмү жана түрү көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-24)
