# 227-берене. Диспашаны оңдоо жана талашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 227-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-227

---

1. Диспашалар реестринде катталгандан кийин диспашада табылган каталар диспашер тарабынан өз демилгеси боюнча же жалпы авария алардын ортосунда бөлүштүрүлгөн жактардын арызы боюнча, диспашага толуктоону - анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган аддендумду түзүү аркылуу оңдолушу мүмкүн.

2. Диспаша же ага карата аддендум алынган күндөн тартып алты айдын ичинде кызыкдар жактар диспашаны диспашердин жайгашкан жери боюнча же бул тууралуу диспашерге кабарлоо жана ага доо арызынын көчүрмөсүн жөнөтүү менен келишимде белгиленген соттук караштуулук эрежелерине ылайык сотто талаша алат.

3. Диспашер мыйзамдарда каралган учурларда сотто диспаша жөнүндө талаш-тартышты кароого катышууга жана иштин маңызы боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-226)  
Кийинки берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-228)
