# 215-берене. Жалпы авария катары таанылган чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 215-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-215

---

Ушул Кодекстин 212-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ылайык жалпы авария деп төмөнкүлөр таанылат:

1) жүктү же кеме жабдууларын борттон ыргытуудан, ошондой эле жалпы куткаруу үчүн чараларды көрүүдө кеменин же жүктүн бузулгандыгынан келип чыккан, анын ичинде жүктү ыргытуу үчүн ачылган люктар же бул үчүн кесилген башка тешиктер аркылуу трюмдарга суунун киришинен улам келип чыккан чыгымдар;

2) өрттү өчүрүүдө кемеге же жүккө келтирилген чыгымдар, анын ичинде күйүп жаткан кемени ушул максатта суу каптатуу менен шартталган чыгымдар;

3) кемени атайылап тайыз жерге отургузуудан жана мындай кемени тайыз жерден чыгаруудан келип чыккан чыгымдар;

4) кемени тайыз жерден чыгарууда кыймылдаткычтардын, от казандардын, башка жабдуулардын бузулгандыгынан улам келип чыккан чыгымдар;

5) лихтерлерди жалдоо, жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин тайыз жерге отуруп калган кемеден лихтерлерге жүктөө, лихтерлерден тайыз жерден чыгарылган кемеге кайра жүктөө менен байланышкан чыгымдар;

6) бул операцияларды жасоо боюнча чыгашалар жалпы аварияга кирген учурларда жүктүн, күйүүчү майдын же жабдуу предметтеринин аларды кемеде жылдыруу, түшүрүү, кайра жүктөө жана жайгаштыруу, ошондой эле сактоо учурунда бузулгандыгы же жоголгондугу себеп болгон чыгымдар;

7) куткаруу келишимдин негизинде же ансыз жүзөгө ашырылгандыгына карабастан, куткаруу операцияларын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар;

8) жүктү жоготуунун орду жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде толтурулган учурларда мындай жоготуудан келип чыккан фрахттын жоголушу, мында фрахттан жүк ташуучу тарабынан аны алуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон, бирок атайылап жоготууга байланыштуу жүргүзүлбөгөн чыгашалар чыгарып салынат.

---

Мурунку берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-214)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-216)
