# 212-берене. Жалпы авария түшүнүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 212-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-212

---

1. Жалпы авария деп жалпы деңиз иш-чарасына катышкан мүлктү - кемени, фрахтты жана кеме менен ташылып жаткан жүктү коркунучтан сактоо максатында жалпы коопсуздук үчүн атайылап жана негиздүү түрдө жасалган өзгөчө чыгашалардан жана курмандыктардан улам тартылган чыгымдар таанылат.

2. Жалпы авария деп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттердин түздөн-түз кесепети болгон чыгымдар гана таанылат.

3. Жалпы авария кеменин, жүктүн жана фрахттын ортосунда жалпы деңиз иш-чарасы аяктаган учурдагы жана жердеги алардын ушул Кодекстин 223 жана 231-беренелеринде белгиленген эрежелерге ылайык аныкталуучу наркына жараша бөлүштүрүлөт.

4. Жалпы деңиз иш-чарасы алардын бардыгы куткаруу операциясына эмес, коммерциялык ишке катышкан шартта бир же бир нече кеме башка кемени же кемелерди сүйрөгөн же түрткөн учурларда да орун алат.

Ушул главада белгиленген эрежелер кемелерди жана алардын жүктөрүн (бар болсо) жалпы коркунучтан сактоо боюнча чаралар көрүлгөн учурларда колдонулат. Эгерде башка кемеден же кемелерден жөнөкөй ажыратуунун натыйжасында кеме коопсуз абалда болсо, ал башка кеме же кемелер менен чогуу жалпы коркунучка кабылбайт. Ажыратуунун өзү жалпы авария актын билдирген учурда жалпы деңиз иш-чарасы уланууда деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-211)  
Кийинки берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-213)
