# 201-берене. Кеменин дайынсыз жоголуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 201-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-201

---

1. Эгерде узактыгы конкреттүү жагдайларга жараша болгон жетиштүү мөөнөттүн ичинде кеме жөнүндө эч кандай маалыматтар келип түшпөсө, ал дайынсыз жоголду эсептелет. Кемени дайынсыз жоголду деп таануу үчүн зарыл болгон мөөнөт кеме жөнүндө акыркы кабар алынган күндөн тартып бир айдан кем эмес жана үч айдан ашык болушу мүмкүн эмес, ал эми согуш аракеттеринин шарттарында мындай мөөнөт алты айдан кем болушу мүмкүн эмес.

2. Кеме дайынсыз жоголгон учурда камсыздандыруучу толук камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.

3. Кемени белгилүү бир мезгилге деңиз камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучу, эгерде кеме жөнүндө акыркы кабар келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алынган болсо жана эгерде камсыздандыруучу кеменин бул мөөнөт аяктагандан кийин дайынсыз жоголгондугун далилдеп бербесе, кеменин дайынсыз жоголгондугу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Кеменин дайынсыз жоголгондугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн негиз болуп ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн ичинде кемеден маалыматтар келип түшпөгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле кеме бара турган пунктка же маршруттун башка белгиленген чекитине келбегендигинин тастыкталышы саналат. Күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет жана камсыздандыруучуга талап коюу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-202)
