# 200-берене. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу суммасынан тышкары жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 200-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-200

---

1. Камсыздандыруучу ушул Кодекстин 199-беренесинде көрсөтүлгөн чыгашалар, ошондой эле жалпы авария боюнча төгүмдөр камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасы менен бирге камсыздандыруу суммасынан ашып кеткен учурларда да мындай чыгашалардын жана төгүмдөрдүн ордун толтурат.

2. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу мындай чыгымдардын жалпы суммасы камсыздандыруу суммасынан ашып кетсе да, ырааттуу келген бир нече камсыздандыруу окуяларынын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-201)
