# 198-берене. Камсыздандыруучуну келишим боюнча милдеттенмелерден бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 198-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-198

---

1. Камсыздандыруу окуясы болгондон кийин камсыздандыруучу толук камсыздандыруу суммасын төлөп, деңиз камсыздандыруу келишими боюнча башка милдеттенмелерден өзүн бошотууга укуктуу. Бул укуктан пайдалануу ниети жөнүндө билдирүүнү ал камсыздандырылуучуга же пайда алуучуга жети күндүк мөөнөттө жиберет. Камсыздандырылуучу же пайда алуучу аталган билдирүүнү алганга чейин чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу максатында гана жүргүзгөн чыгашалардын ордун камсыздандыруучу толтурат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурда камсыздандыруу суммасын төлөөдө камсыздандыруучу камсыздандырылган мүлккө карата укукка ээ болбойт.

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-199)
