# 195-берене. Чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 195-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-195

---

1. Камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда камсыздандырылуучу же пайда алуучу чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу максатында өзүнө жеткиликтүү болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга дароо кабарлоо жана эгерде мындай көрсөтмөлөр берилсе, анын көрсөтмөлөрүн аткаруу зарыл.

2. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучу же пайда алуучу аларды алдын алуу же азайтуу үчүн чараларды атайылап же одоно этиятсыздык менен көрбөгөндүгүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Камсыздандырылуучу же пайда алуучу тарабынан чыгымдарды алдын алуу же азайтуу максатында жүргүзүлгөн чыгашалар бул чаралар оң натыйжага алып келбеген учурда да камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан төмөн болгон учурларда мындай чыгашалардын орду камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына болгон катышына пропорционалдуу толтурулат.

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-196)
