# 194-берене. Камсыздандыруу тобокелдигинин деңгээлинин өзгөрүшү жөнүндө билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 194-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-194

---

1. Камсыздандырылуучу бул ага белгилүү болуп калгандан кийин камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектинде же ага карата болгон кандай болбосун олуттуу өзгөрүү жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү (эксплуатациялоо районунун өзгөрүшү, рейдде же ачык деңизде борттон бортко кайра жүктөө, ташуу ыкмасынын же жүк түшүрүү портунун өзгөрүшү, кеменин белгиленген же кадимки жолунан четтөөсү, кыштоого токтоосу жана башка өзгөрүүлөр).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктин деңгээлин жогорулатуучу өзгөртүүлөр (адамдарды, кемелерди же жүктөрдү куткаруудан келип чыккан учурларды кошпогондо) камсыздандыруучуга мындай өзгөртүүлөр болгон учурдан тартып келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга, кошумча камсыздандыруу сый акысын төлөөнү талап кылууга же деңиз камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотууга укук берет.

3. Эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга тобокелдик деңгээлинин олуттуу өзгөрүшү жөнүндө кабарлабаса, камсыздандыруу келишимин колдонуу мындай өзгөрүү болгон учурдан тартып токтотулат. Мында камсыздандыруучу келишимди колдонулушун жаңы шарттарда улантууга жазуу жүзүндө макул болууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-195)
