# 187-берене. Башкы камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 187-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-187

---

1. Камсыздандырылуучу башкы камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жүктүн ар бир партиясын жөнөтүүдө камсыздандыруучуга бардык зарыл болгон маалыматтарды аларды алуусуна жараша, анын ичинде жүк ташылып жаткан кеменин аталышын жана маршрутун, камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн дароо билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу тиешелүү маалыматтарды ал жүк бара турган жерине бузулбаган абалда жеткирилгенден кийин алса дагы бул милдеттен бошотулбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камсыздандырылуучу тарабынан билдирилбеген же өз убагында билдирилбеген учурда камсыздандыруучу тийиштүү жүктү ташууда камсыздандырылуучу тарткан зыяндын ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу. Мында камсыздандырылуучу зарыл маалыматтарды билдирбегендиги же өз убагында билдирбегендиги үчүн аны күнөөлүү деп табуу мүмкүн эместигин далилдеген учурлардан тышкары, камсыздандыруучунун камсыздандыруу сый акысына болгон укугу сакталат.

3. Эгерде камсыздандырылуучу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды өз убагында атайылап билдирбесе же бербесе, же жүктүн түрүн жана тегин же болбосо камсыздандыруу суммасын атайылап туура эмес белгилесе, камсыздандыруучу башкы камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруудан баш тартууга укуктуу. Мында камсыздандырылуучу деңиз камсыздандыруу келишиминин шарттарын толук көлөмдө аткарган учурда ал алышы мүмкүн болгон камсыздандыруу сый акысына болгон укугу камсыздандыруучуда сакталат.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-188)
