# 179-берене. Деңиз камсыздандыруусунун объекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 179-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-179

---

1. Деңиз камсыздандыруусунун объекти болуп соода үчүн деңизде сүзүү менен байланышкан кандай болбосун мүлктүк кызыкчылык болушу мүмкүн:

1) кеме, анын ичинде курулуп жаткан кеме;

2) жүк, фрахт, жол кире жана багаж;

3) кемени пайдалангандыгы үчүн акы;

4) ташылган жүктөн күтүлгөн пайда;

5) кеме, жүк же фрахт менен камсыз кылынган деңиз талаптары;

6) капитанга жана кеме экипажынын башка мүчөлөрүнө эмгек акы жана башка төлөмдөр, анын ичинде репатриациялоого чыгашалар;

7) кеме ээсинин жана ташуучунун жарандык жоопкерчилиги, ошондой эле камсыздандыруучу өзүнө алган тобокелдик (кайра камсыздандырууда).

2. Камсыздандыруу объекти деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-180)
