# 176-берене. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 176-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-176

---

1. Деңиз камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу шартталган акы (камсыздандыруу сый акысы) үчүн деңиз камсыздандыруу келишиминде каралган, камсыздандыруу объекти дуушар болгон коркунучтардан же кокустуктардан келип чыккан камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандырылуучуга же анын пайдасына мындай келишим түзүлгөн башка жакка (пайда табуучуга) келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенет.

2. Деңиз объектине жараша деңиз камсыздандыруу келишими камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучулар, же болбосо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган эл аралык камсыздандыруу клубдары менен гана түзүлөт.

3. Кемелери Кеме реестринде катталган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган бардык кеме ээлери деңиз камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттүү. Деңиз камсыздандыруу келишиминин жоктугу же деңиз камсыздандыруу келишиминин мөөнөтүнүн өтүп кетиши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун автоматтык түрдө токтотот, ал эми 30 күн өткөндөн кийин Кеме реестринен чыгарылат. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы жоопкерчиликти камсыздандыруунун колдонуудагы сертификаттарынын ачык электрондук реестрин жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-177)
